Европа Биримдиги лидерлеринин саммити 1 - 2 - октябрда болот

Европа Биримдиги Кеңешинин  1 – 2 -  октябрдагы  жыйынында эң көп тышкы карым  - катнаштар талкууланат.

1500003
Европа Биримдиги лидерлеринин саммити 1 - 2 -  октябрда болот

Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Түркия менен карым  - катнаш, Белорусиядагы абалдар менен бирге түрдүү күн тартип беренелерин карап чыгуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушат.

Европа Биримдиги Кеңешинин  1 – 2 -  октябрдагы  саммитте эң көп тышкы карым  - катнаштар талкууланат.

Күн тартибинин негизги беренесин түзгөн Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Түркия менен карым – катнаштар, Кытай, Белорусия, орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын ууланышы менен Тоолуу Карабах да Европа Биримдиги лидерлери талкуулай турган темалардын арасында орун алууда.

Саммитте өзгөчө Ковид  - 19 эпидемиясынан кийинки экономика, бир базардын күчтөндүрүлүшү, өнөр жай саясатынын өнүктүрүлүшү менен санариптик алмашууну ылдамдатуу темалары күн тартибине келет.



Тектеш кабарлар