Эфиопияда болгон сел

БУУму Эфиопияда мезгилдик жамгыр жаашы жол ачкан селдерден 1 миллион кишинин таасирленгендигин жана 300 000ге жакын кишинин да жер которгондугун билдирди

1500134
Эфиопияда болгон сел

Эфиопиядагы селдерден 1 миллион киши таасирленди.

БУУму Эфиопияда мезгилдик жамгыр жаашы жол ачкан селдерден 1 миллион кишинин таасирленгендигин жана 300 000ге жакын кишинин да жер которгондугун билдирди.

БУУнун гуманитардык жардам координация офисинен берилген маалыматта өлкөнүн түрдүү аймактарында катуу жааган жамгырдын сел жана жер көчкүгө себеп болгону, июнь айынан бери 300 000 кишинин жер которгону белгиленди.

Жамгыр жаашы Афар, Оромия, Гамбелла, Түштүк, Сомали жана Амхара аймактарында 1 миллион кишиге таасир бергендиги белгиленген маалыматта селдерде саламаттык сактоо мекемелеринин да зыян тарткандыгы жана дары  - дармектердин жетишсиздиги тууралуу эскертүү берилди.

Маалыматта начарлаган гигиеналык шарттардан улам жаңы тип коронавирус, холера жана суусуздуктан улам ооруларды жуктуруу коркунучунун күч алганы; баш калкалоо, тамак  - аш жана саламаттык башта болгон түрдүү темаларда бериле турган жардамдар үчүн 40 миллион доллардын керектиги билдирилди.



Тектеш кабарлар