COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылышы уланып жатат.

1500044
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Türkiye Coronavirüs.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 13 миңден ашты. Ооруга чалдыккандардын саны болсо 33 миллион 872 миңден, ал эми айыккандардын саны 25 миллион 169 миңден ашты.

Ковид-19 пандемиясынын чордону АКШда 210 миң 797 адам вирустун айынан көз жумду. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 406 миңге жетти. АКШнын көңүл ачуу индустриясындагы ири компаниялардын бири Уолт Дисней, коронавирус пандемиясынын жаңы түрүнө байланыштуу тематикалык парктарда иштеген 28 миң адамды жумуштан алууну пландап жаткандыгын жарыялады.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун айынан 863 адам каза болду. Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 143 миң 10го, илдетке кабылгандардын саны болсо 32 миң 58ге көбөйүп 4 миллион 780 миңге жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 71 адам каза болуп жалпы 42 миң 72 деп катталды. Ал эми жуктургандардын саны 7 миң 143кө көбөйүп 446 миң 156га жетти.

Испанияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 203 адам көз жумуп жалпы 31 миң 614тү түздү. Бир күндө 9 миң 906 жаңы учур катталган өлкөдө, ооруну жуктуруп алгандардын саны 758 миң 172ге жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 6 адам каза болгонун жана Ковид-19дан улам 688 жаңы учур катталганын билдирди. Өлкөдө адамдардын өлүмү 963 миңге, ал эми ооруга кабылгандардын саны 74 миң 717ге жогорулады.

Ковид-19дун кесепетинен Мексикада 77 миң 163, Италияда 35 миң 875, Перуда 32 миң 396, Францияда 31 миң 893, Колумбияда 25 миң 828, Аргентинада 16 миң 519, Чилиде 12 Эквадордо 725 жана 11 миң 312 адам көз жумду.



Тектеш кабарлар