БУУнун Коопсуздук Кеңеши Армения менен Азербайжанга чакыруу салды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Азербайжан жана Арменияга Тоолуу Карабахтагы кагылышууларды дароо токтотуу, чыңалууну азайтуу жана сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

1499971

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тоолуу Карабахта болгон кагылышууларды жабык отурумда сүйлөштү.

Жыйындан кийинки орток билдирүүдө  Тоолуу Карабахтагы байлааныш линиясында болуп жаткан чоң машстабдагы аскердик кыймылдан тынчсыздануулардын болгондугу белгиленди.

Кагылышуулардагы жарандык жоготуу жана күч колдонууну айыптаган БУУнун Коопсуздук Кеңеши тараптарды кагылышууларды дароо токтотуу, чыңалууну азайтуу жана кеч калбастан сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

27 -  сентябрда эрте мененки сааттарда Армения  - Азербайжан фронттунда Армения күчтөрүнүн Азербайжандын отурукташуу жерлерине ок атышы менен кагылышуулар башталган.

Азербайжан армиясы каршы кол салууларды баштап, кээ бир отурукташуу жерлерин басып алуудан куткарган.

Тектеш кабарлар