Кытай Азербайжан менен Арменияны сабырдуулукка чакырды

Кечээ эрте менен Армения  - Азербайжан фронтунда Армения күчтөрүнүн Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине ок атуусу менен кагылышуулар башталды.

1498797
Кытай Азербайжан менен  Арменияны сабырдуулукка чакырды

Кытай армян күчтөрүнүн Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине ок атышы менен чыккан чыңалуу тууралуу тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ванг Вынбин борбор шаар Пекинде өткөргөн пресс  - жыйынында аймакта тынчтык жана ырааттуулукту улантуунун бардык тараптардын пайдасына экендигин белгиледи. Ванг : «Бардык тараптар сабырдуулук жана этияттыкты сактап, айырмачылыктарын саясий диалог жолу менен чечүү үчүн чыңалууну азайтууга карата чара көрөт деп ойлойм»,- деди.

Кечээ эрте менен Армения  - Азербайжан фронтунда Армения күчтөрүнүн Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине ок атуусу менен кагылышуулар башталды.

Азербайжан армиясы каршы чабуул баштап кээ бир отурукташуу жерлерди куткарган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар