Ковид - 19дун Чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 3 120га жетти.

1498835
Ковид  - 19дун Чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 3 120га жетти. Бейтап саны 33 миллион 354 665тен, айыккандардын саны 24 миллион 664 740тан ашты.

Индияда 24 саатта 29 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 95 574кө жетти. Ошол эле убакытта 82 767  кишиде вирус аныкталып жалпы бейтап саны 6 миллион 73 350гө жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 25 779 болду. Өлкөдө 3 512  жаңы бейтаптын аныкталышы менен вирус жуккан киши саны 449 960ка жетти.

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны бир күндө  61 кишиге көбөйүп, жалпы 20 385 болду. Ошол эле убакытта 8 135 кишиде вирус аныкталып  жалпы бейтап саны 1 миллион 159 573кө жогорулады. 16 -  июндан бери бир күндүк бейтап саны биринчи жолу 8 000ден жогору болду.

Түштүк Африкада акыркы бир күндө 22 киши каза болду. Ушундайча вирустан каза болгондордун саны 16 398ге жогорулады. Өлкөдө ошол эле убакта 1268 кишиде вирус аныкталып жалпы бейтап саны 670 766га жетти..

Сауд Арабияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны акыркы бир күндө 28ге көбөйүп, 4  683кө жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 333 193кө жетти.



Тектеш кабарлар