АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео грециялык кесиптеши Дендиас менен жолугушту

Помпеонун сапарына каршылык көрсөтүү максатында кечинде Салоникиде нааразычылык акциясы өткөрүлөт.

1498687
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео грециялык кесиптеши Дендиас менен жолугушту

 АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Грециянын тышкы иштер минитсри Никос Дендиас менен жолугушту.

Майк Помпео Греция программасынын биринчи аялдамасы болгон Салоники шаарында кесиптеши Дендиас менен коргонуу, энергетика кызматташуусу жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдар тууралуу сүйлөштү. Сапарынын негизинде эки өлкөнүн ортосунда  билим жана технология тармагында келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Бир тараптан Помпеонун сапарына каршылык көрсөтүү максатында кечинде Салоникиде нааразычылык акциясы өткөрүлөт.

Бул шаардагы жолугушууларынан кийин Крит аралында премьер  - министр Кирякос Мичотакис менен кечки тамакта жолугуша турган Помпео эртең эрте менен Криттеги Суда деңиз флотунун базасына барып Мичотакис менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрөт.



Тектеш кабарлар