Нью - Йорк шаарынын мэри "Urban 20" саммитине катышпай тургандыгын билдирди

АКШнын Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио Сауд Арабиясы тарабынан уюштурула турган  "Urban 20" аттуу онлайн режиминде өтө турган дүйнөлүк шаарлар саммитине "адам укуктарынын бузулушуна карата кооптонуулардан» улам  катышпай тургандыгын билдирди.

1497678

Блазио билдирүүсүндө 30 - сентябрдан 2 - октябрга чейин өтө турган саммитке катышпай тургандыгын жарыялады.

Сауд Арабиясындагы адам укуктарынын бузулушунан кооптонуп жаткандыгына байланыштуу саммитке катышпай тургандыгын айткан Блазио: "Биз адилетсиздикке каршы чыкпастан дүйнөгө лидерлик кыла албайбыз»,- деди.

Блазио тынчтыкты жана адам укуктарын коргоо үчүн биргеликте иш алып баруу керектигин белгилеп, дүйнөлүк башка шаарлардагы кесиптештерин «Urban 20» саммитинен чыгып,алдыга жылуу үчүн  ага кошулуп, өнүгүүнү талап кылууга үндөдү.

Блазионун билдирүүсү укук коргоочулардын Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшүнүн эки жылдыгына туш келген саммиттин бойкот кылынышына карата жарыялоого байланыштуу чакырыгынан кийин келди.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчыга 2018-жылдын 2 - октябрында өз өлкөсүнүн Стамбул башкы консулдугунда мыкаачылык менен кол салуу жасалган.

Тектеш кабарлар