БАЭнин АКШга Ф - 35 учактарын алуу боюнча кайрылгандыгы маалым болду

Bloombergдин атын билдирүүсүн каалабаган америкалык жетекчилерге таянып берген  кабарында, БАЭнин Израиль менен "калыбына келтирүү" келишимине кол койгондон бир жумадан кийин расмий түрдө кайрылгандыгы  белгиленди.

1497681
БАЭнин  АКШга Ф  - 35 учактарын алуу боюнча кайрылгандыгы маалым болду

Бириккен Араб Эмираттарынын  Америка Кошмо Штаттарына  F - 35 согуштук учактарын сатып алуу боюнча расмий кайрылуу жасагандыгы маалым болду.

Bloombergдин атын билдирүүсүн каалабаган америкалык жетекчилерге таянып берген  кабарында, БАЭнин Израиль менен "калыбына келтирүү" келишимине кол койгондон бир жумадан кийин расмий түрдө кайрылгандыгы  белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, АКШнын Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик департаменттин жооптуу кызматкерлери "потенциалдуу курал - жарак сатуу" жөнүндө маалымат берүүдөн алыс болуп, Израилдин курал үстөмдүгүнүн артыкчылыгы сакталат деп кепилдик беришкенин билдиришти.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын башкы кеңешчиси Жаред Кушнер Бириккен Араб Эмираттарына F-35 согуштук учактарын сатуу үчүн оң маалыматтарды беришти ал эми Израиль сатуу ыктымалынан ыңгайсыз экендигин билдирди.

15 - сентябрда АКШнын ортомчулугу менен Ак үйдө өткөн салтанатта Израиль, БАЭ жана Бахрейн менен "калыбына келтирүү" келишимине кол коюшту.

 



Тектеш кабарлар