Орбан качкындар тууралуу жаңы пакетке каршы
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган жаңы миграция жана качкындар пакетин кабыл албайбыз деп жарыялады.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган жаңы миграция жана качкындар пакетин кабыл албайбыз деп жарыялады.
Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лайен, Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жана Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту. Орбан жолугушуудан кийин пресс - конференция өткөрүп сөз сүйлөдү.
Орбан Европа Биримдиги Комиссиясынын качкындар тууралуу позициясын өзгөртпөгөндүгүн, башка түрдүү гана айтканын жактап : «Европа Биримдиги Комиссиясынын шаршемби күнү тааныткан жаңы миграция жана качкындар пакетинде квота башкача аталган болсо да квота жана Венгрия муну кабыл албайт»,- деди.
Пакетте эч кандай жылыш болбогонун жана Европа Биримдигине мыйзам тышы эч кимдин кабыл алынбашы керектигин белгилеген Орбан : «Пакетте миграцияны башкаралы деп жазылган, бирок венгерлердин позициясы - миграцияны токтотуу»,- деди.