COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылышы уланып жатат.

1497132
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super foto korona roma.jpg
super koronavirus.jpg
super covid-19 kolombiya

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 987 миң 824тү түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 32 миллион 421 миңден, ал эми айыккандардын саны 23 миллион 934 миңден ашты.

Пандемиянын кесепетинен 207 миң 538 адам каза болгон АКШда, ооруну жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 185 миңге жетти.

Дүйнөдө Ковид-19 учурлары эң көп катталган үчүнчү өлкө болгон Бразилияда вирустун айынан акыркы 24 сааттын ичинде 831 адам каза болду. Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө вируска байланыштуу өлүмдүн саны 139 миң 883кө, илдетке кабылгандардын саны болсо 32 миң 817ге көбөйүп 4 млн 659 миңге жетти.

Мексикада Ковид-19дан дагы 490 адам каза болуп жалпы 75 миң 439ду түздү. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 5 миң 408ге көбөйүп 715 миң 457ге жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан каза болгондордун саны 40ка көбөйүп жалпы 41 миң 902ге, ал эми жуктургандардын саны 6 миң 634кө көбөйүп 416 миң 363кө жетти. Бул сан өлкөдө пандемия башталгандан бери катталган эң жогорку көрсөткүч болду.

Францияда пандемиянын айынан акыркы 24 сааттын ичинде 52 адам каза болуп жалпы 31 миң 511 деп катталды. Вирусту жуктургандардын саны болсо 16 миң 96га көбөйүп 497 миң 237ге жетти, бул сан пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Өлкөдө реанимацияда жаткан бейтаптардын санынын көбөйүшү менен пандемиянын агымы күчөп баратат. Премьер-министр Жан Кастекс эпидемия күчөп кетсе, коменданттык саат киргизилиши мүмкүн деп жарыялады.

Испанияда акыркы бир жумада Ковид-19дан 500 адам каза болуп жалпы 31 миң 118ди түздү. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 10 миң 653 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 704 миң 209га жеткенин билдирди. Мадриддин автономиялык өкмөтү пандемиянын жайылышына байланыштуу аймактагы кырдаалды карап чыгып, бүгүн айрым кошумча чараларды жарыялай тургандыгын билдирди.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 3 адам каза болгонун жана Ковид-19дан улам 691 жаңы учур катталганын кабарлады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 931 миңге, илдетке чалдыккандардын саны болсо 71 миң 156га жетти.

Ал эми Австралияда вирустан каза болгондордун жалпы саны 869га жогорулады.



Тектеш кабарлар