Чыгышта коронавирус

Коронавирустун таасирин жок боло элек.

1497262
Чыгышта коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 988 505 болду. Бейтап саны 32 миллион 455 470тен, айыкккандардын саны 23 миллион 945 980ден ашты.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 92 347ге жогорулады. Өлкөдө жалпы бейтап саны 5 миллион 823  миң 60 болду.

Иранда акыркы 24 саатта 207 кишинин вирустан каза болушу менен жалпы каза болгон киши саны 25 222ге жогорулады. Өлкөдө 3 563 жаңы бейтаптын катталышы менен вирус жугузган киши саны 439 882ге жетти. 

Россияда коронавирустан каза болгондордун саны 20 056га, вирус жуккан киши саны да 1 миллион 136000ге жетти.

Израилде коронавирустан  ушул кезге чейин каза болгондордун саны 1376га жетип, бейтап саны 209 635 болду.  Израиль башкаруусу бейтап санындагы жогорулоодон улам 18 -  сентябрдан баштап 3 жумага карантин чечимин чыгарган.

Палестинада эпидемиядан улам 322 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 47 830га чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык каражаттардын кемчилигинен улам Ковид  - 19 тесттерин эки күн кыла алышпагандарын жарыялады.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 34 758ге жетти. Материкте вирус жуккан киши саны 8 186га көбөйүп жалпы саны 1 миллион 444 000ге жогорулады. Түштүк Африкада ушул күнгө чейин  коронавирустан каза болгондордун саны 16 283кө жетсе, Египетте  5 835 киши, Мароккодо  1956 киши каза болду.



Тектеш кабарлар