БУУ Путиндин коронавирустук вакцина сунушуна жооп берди

Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Путиндин Ковид-19 вакцинасы боюнча сунушун кабыл алышабы же жокпу деген суроолорго жооп берди.

1497103
БУУ Путиндин коронавирустук вакцина сунушуна жооп берди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын маалымат катчысы Стефан Дюжаррик, Россиянын президенти Владимир Путиндин БУУнун кызматкерлерине бекер Ковид-19 вакцинасын сунуш кылгандыгын уюмдун медициналык бөлүмүнүн карап чыгарын айтты.

Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Путиндин Ковид-19 вакцинасы боюнча сунушун кабыл алышабы же жокпу деген суроолорго жооп берди.

«Жоомарт сунушуңуз үчүн биз сизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз» деген Дюжаррик, «Биз илимдин жетекчилиги астында иш алып барабыз жана бул сунуш да медициналык бөлүмүбүз тарабынан каралып чыгат»,-деп айтты.

Путин БУУнун 75-Башкы Ассамблеясындагы кайрылуусунда «Биз өз вакцинабызды БУУнун кызматкерлерине бекер берүүнү сунуштайбыз» деген эле.



Тектеш кабарлар