COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарууда.

1496521
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19 portekiz
super foto korona roma.jpg
super covid-19

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 982 миң 196ны түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 32 миллион 110 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 23 миллион 692 миңден ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 206 миң 593, вирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 139 миң деп катталды. АКШда Жаңы жылды майрамдоонун эң популярдуу жери болгон Нью-Йорк Таймс аянтында быйыл Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына байланыштуу майрамдалбай турганы белгиленди. АКШнын президенти Дональд Трамп мезгилдүү тумоонун жана Ковид-19дун белгилери окшош экендигин айтып, америкалыктарды сасык тумоого каршы эмдөөнү эртерээк алууга чакырды.

Бразилияда вирустан көз жумгандардын саны 139 миң 65ке жетти. Ооруга кабылгандардын саны да 4 миллион 627 миңге жогорулады.

Мексикада Ковид-19дан жалпы 74 миң 949 адам каза болду. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 710 миң 49 деп катталды.

Падемиянын айынан Европада эң көп жоготууларга учураган Англияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 41 миң 862ге жетти. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 429 миң 729ду түздү.

Испанияда Ковид-19дан улам адамдардын өлүмү 31 миң 34кө жогорулады. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 693 миң 556га жетти.

Италияда коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу адамдардын өлүмү 35 миң 738, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 302 миң 537 деп катталды.

Францияда пандемиянын айынан акыркы 24 сааттын ичинде 43 адам каза болуп жалпы 31 миң 459га жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны бир күндө 13 миң 72ге көбөйүп 481 миң 141ге жогорулады.

Пандемия башталгандан бери Португалияда каза болгон адамдардын саны 1 миң 928ге, ооруга кабылгандардын саны 70 миң 465ке жетти.

Ковид-19дун айынан Канадада 9 миң 243 адам каза болду. Өлкөдөгү учурлардын саны 147 миң 753 деп катталды. Премьер-министр Жастин Трюдо өлкөсүнүн Ковид-19 пандемиясынын экинчи толкунунда экендигин айтты.

Ковид-19дун айынан Перуда 31 870, Колумбияда 24 746, Аргентинада 14 376, Чилиде 12 345 жана Эквадордо 11 171 адам каза болду.



Тектеш кабарлар