Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Россияда  24 саатта 160 кишинин дагы каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгон жалпы адам саны 19 649 болду.

1495177
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

 Ковид  - 19дан бүкүл дүйнөдө каза болгон адам саны 970  245ке жетти. Бейтап саны 31 миллион 530 300ден, айыккандардын саны 23 миллион 146 360тан ашты.

Индияда 10536адамдын дагы каза болушу менен жалпы каза болгон адам саны 88 992ге жогорулады. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 5 миллион 567 740ка жетти.

Россияда  24 саатта 160 кишинин дагы каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгон жалпы адам саны 19 649 болду. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде 6 215 жаңы учур катталды. Бул сан 18 -  июлдан берки эң жогорку бейтап саны болду. Акыркы маалыматтар менен бирге өлкөдөгү бейтап саны 1 миллион 115 810го жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан улам 24 656 адам каза болду. Өлкөдө бейтап саны 429 123 болду. 

Түштүк Кореяда эпидемиядан 388 кишинин каза болгонду жана премьер  - министр Чун Сы Кюн кеңешчисинин Ковид  - 19 тестинин позитив чыгышы менен өзүн карантинге алды. 

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 135ке көбөйүп жалпы 24 133кө жетти. Материкте вирус жугузган киши саны  1  миллион 420 323 болду. Ковид  - 19дан Түштүк Африкада  15 992 киши каза болгон болсо, Египетте 5 787, Мароккодо 1855 киши каза болду.



Тектеш кабарлар