Россия 80 000 аскер менен "Кавказ - 2020" машыгуусун өткөрүүдө
"Кавказ-2020" машыгуусу Россиянын түштүк жана түндүк Кавказ аймактарында башталды.
"Кавказ-2020" машыгуусу Россиянын түштүк жана түндүк Кавказ аймактарында башталды.
Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кавказ - 2020 машыгуусуна болжол менен 80 000 орус аскери жана Кытай, Иран, Пакистан, Армения жана Мьянмадан келген 1000 аскер катышууда.
Россиянын түштүк жана түндүк Кавказ аймактарындагы жана Кара деңиз менен Каспий деңизиндеги Капустин Яр, Ашулук, Аданак жана Продбой полигондорунда өткөрүлгөн машыгууга болжол менен 60 аскердик учак, 30 аскердик кеме, 250 танк, 450 брондолгон унаа, 200 артиллерия жана ракета учуруу системалары катышууда.
Россиянын аскерлеринин өлкөнүн түштүк - батыш бөлүгүндө аскердик коопсуздукту сактоо мүмкүнчүлүгүн өлчөө максатында өткөрүлгөн машыгуу 26 - сентябрга чейин уланат.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.