Коронавирус дүйнө жүзүнүн шаштысын алууну улантууда

Россияда  19 489 киши каза болуп, акыркы бир күндө 6 196 кишиде дагы Ковид  - 19дун аныкталышы менен бейтап саны 1 миллион 109 595ке жогорулады.

1494779
Коронавирус дүйнө жүзүнүн шаштысын алууну улантууда

Коронавирустан улам бүткүл дүйнөдө каза болгондордун саны  966 миң 80ден ашты. Бейтап саны 31 миллион 312 000ден, айыккандардын саны 22 миллион 894 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 87 909га  жогорулады. 86 961 жаңы бейтаптын аныкталышы менен сентябрь айынын башынан бери күнүмдүк  бейтап санында өсүү болгон өлкөдө жалпы бейтап саны 5 миллион 487 580ге  жетти.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 177ге көбөйүп, 24 478ге жетти. Өлкөдө 3 341 жаңы учурдун катталышы менен да вирус жуккан киши саны 425 48ге чыкты.

Россияда  19 489 киши каза болуп, акыркы бир күндө 6 196 кишиде дагы Ковид  - 19дун аныкталышы менен бейтап саны 1 миллион 109 595ке жогорулады.

Иракта Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 64кө көбөйүп 8 555ке, вирус жуккан киши саны 3 438ге көбөйүп 319 35ке жетти.

297 киши каза болгон Ливанда күнүмдүк бейтап саны биринчи жолу 1000ден ашты. 1006 кишинин Ковид  - 19 жугузушу менен бейтап саны 29 303кө чыкты.

Жалпы Африка материгинде  эпидемиядан каза болгондордун саны 34 008ге, вирус жуккан киши саны да 1 миллион 413 416 болду. Материкте Түштүк Африкада Ковид  - 19дан 15 953  киши каза болсо, Египетте 5 770, Алжирде 1830 киши каза болгон.

Маврикийде  Ковид-19 бейтабынын калбаганы,  Сейшел жана Эритреяда өлүм – житим отчету берилген  жок.

Ушул кезге чейин эпидемиядан 63 киши каза болгон Угандада президент Йовери Мусевени өлкөдө Ковид  - 19га каршы көрүлгөн чараларды жеңилдете башташкандарын белгиледи. Мусевени өлкөдө март айында жабылган аба жана кургактык чек араларынын катуу чаралардын астында кайрадан ачылганын белгиледи. Өлкөгө бара турган бардык жүргүнчүлөрдүн  кире бериште акыркы 72 сааттын ичинде жасалган Ковид  - 19 тестинин жыйынтыктыгын көрсөткөн документти тапшырышы керектигин билдирген Мусевени : «Бул кишилердин үйлөрүнө алып келинишине уруксат берилет бирок саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иликтөө жүргүзүлөт»,- деди. Мусевени өлкөдө орто мектеп жана лицейдин акыркы классынын окуучулары үчүн билим берүүнүн келерки айда башталарын белгилеп, ибадат кылуучу жерлердин да стандарт процедурага ылайык түрдө ачылышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар