Макрон түрк тилинде билдирүү жарыялады

Макрон Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалуу тууралуу маалымат берди.

1493620
Макрон түрк тилинде билдирүү жарыялады

Франциянын президенти Эммануэль Макрон биринчи жолу Твиттер баракчасынан түрк тилинде билдирүү жарыялап, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалуу тууралуу маалымат берди.

Эммануэль Макрон мындай деп белгиледи: «Аяччодо биз Түркияга ачык-айкын билдирүү жөнөттүк; ак ниетибиз менен жооптуу диалогду кайрадан ачалы. Бул чакырык мындан ары Европа Парламентинин да чакырыгы болот. Кыязы укту окшойт. Алдыга жылалы».

24-25-сентябрь күндөрү Бельгиянын борбору Брюсселде Чыгыш Жер Ортолук деңизи да күн тартибине кире турган Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлеринин саммити өткөрүлөт.

Өткөн жумада Европа Биримдигине мүчө Түштүк Европа өлкөлөрүнүн саммити Корсиканын борбору Аяччо шаарында болуп өттү.



Тектеш кабарлар