Коронавирустан таасирленген Чыгыш өлкөлөрү

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 19 339га,  бейтап саны 1 миллион 97 000 жетти.

1493709
Коронавирустан таасирленген Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 957 447 болду. Бейтап саны 30 миллион 755 000ден, айыккандардын саны 22 миллион 396 000ден  ашты.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 85 731ге  жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 5 миллион 323 000ге жетти.

Эпидемиядан улам Иранда каза болгондордун саны 24118 киши каза болуп,   бейтап саны да 419 43кө   жогорулады. Президент Хасан рухани саламаттык сактоо министрлиги билдирген статситикага караганда өлкөдө элдин көрүлгөн чараларга баш ийүү катнашы өткөн жумада 82 пайыздан 62ге түшкөндүгүн жана бул абалдын тынчсыздантуучу экендигин айтты. Рухани эл эскертүүлөргө баш ийбесе чоң маселелер менен бетме  - бет келерин баса белгиледи.

Иракта Ковид  - 19дан 8 408 киши каза болуп, бейтап саны 311 690гө жеткендиги билдирилди. ирак расмий маалымат агенттигинин кабарына караганда өкмөткө караштуу кризисти башкаруу бюросунун чыгарган чечими боюнча 5 ай мурда  жабылган мечит жана башка ибадат жерлери  көрүлгөн чараларга баш ийүү шарты менен кайрадан ачылды. 

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 19 339га,  бейтап саны 1 миллион 97 000 жетти.

Мароккодо 24 саатта Ковид  - 19дан 41 киши дагы каза болуп, 2  760 кишиде вирус аныкталды. Ушундайча өлкөдө каза болгондордун саны 1755ке, бейтап саны 97 264кө жогорулады.

Иорданияда коронавирустан 29 кишинин каза болгондугу, бейтап саны 4 344кө жеткендиги билдирилди.

Бириккен Арап Эмираттарында Ковид  - 19дан 403 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны да 83 433кө жетти.

Түштүк Африка Республикасында эпидемиядан улам 15 857 киши каза болду. Өлкөдө бейтап саны 657 627ге жогорулады.

Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 33 677ге чыкты. Материкте вирус жугузган киши саны 1 миллион 397 000 болду. 41 000 медицина кызматкеринде жаңы тип коронавирус аныкталды. Ковид  - 19дан Египетте 5 733 киши, Алжирде 1755 киши каза болду.



Тектеш кабарлар