Грецияда болгон бороондо 2 киши каза болду
Грециянын Фессалия аймагында болгон Янос бороонунда 2 адам каза болуп, 1 адам дайынсыз жоголду.
Грециянын Фессалия аймагында болгон Янос бороонунда 2 адам каза болуп, 1 адам дайынсыз жоголду.
Жетекчилер бир картаң аялдын сел баскан үйүндө сөөгү табылганын, ал эми 63 жаштагы койчунун селде агып каза болгондугун жарыялады.
Ошондой эле өрт өчүргүч жана коопсуздук күчтөрүнүн эскертүүлөрүнө карабастан унаасын дарыя суулары көтөрүлгөн көпүрөнү көздөй унаасын айдаган аялдын да дайынсыз жоголгону билдирилди.
Өрт өчүргүчтөр эртең менен өлкөнүн борбордук жана батыш бөлүктөрүндө чыга албай калган жарандардан келген 2500дөн ашык чакыруулар боюнча ыкчам топторун жөнөтүшкөндүгүн, ошондой эле жолдорду тосуп же имараттарга зыян келтирген дарактарды тазалоого аракет кылышкандары билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.