БУУ Россия менен АШКга чакыруу салды

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен Россия менен Америка Кошмо Штаттарын Сирияда диалогду күчөтүүгө чакырды.

1493596
БУУ Россия менен АШКга чакыруу салды

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен Россия менен АКШны Сирияда диалогду күчөтүүгө чакырды.

Сирияда болуп жаткан окуялар жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымат берген Гейр Педерсен август айында Женевада өткөн жолугушууларда саясий процесске карата  "үмүт нуру" пайда болгондугун айтты.

Педерсен, тараптардын келерки айда Женевада өтө турган төртүнчү сессиясында жолугушуусу үчүн жыйындын күн тартибине токтоосуз чечим чыгарылышы керектигин белгиледи.

Мурункуга караганда Сириянын азыр «тынч» экендигин бирок өлкөдө тынчсыздантыруучу окуялар болуп жаткандыгын айткан Педерсен Россия  менен АКШны Сирия боюнча диалогду күчөтүүгө чакырды.

 

 



Тектеш кабарлар