НАТО Ирактын коопсуздук күчтөрүн чыңдоого чечкиндүү

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, Баш катчы Йенс Столтенберг жана Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейин Бельгиянын Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде жолугушту.

1492082
НАТО Ирактын коопсуздук күчтөрүн чыңдоого чечкиндүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, шериктештик Ирактын коопсуздук күчтөрүн бекемдөөгө чечкиндүү экенин айтты.

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, Баш катчы Йенс Столтенберг жана Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейин Бельгиянын Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде жолугушту.

Столтенберг жолугушууда НАТО менен Ирактын терроризмге каршы күрөшүүдө тыгыз кызматташууну улантып жаткандыгын белгилеп, ДЕАШка каршы күрөшүп жаткан Ирактын коопсуздук күчтөрү жанын аябай баатырларча күрөшүп жаткандыгын билдирди.

Столтенберг НАТОнун Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн чыңдалышына жардам берүүгө ниеттенгенин баса белгиледи.

НАТО Ирак өкмөтүнүн өтүнүчү менен 2018-жылдын октябрь айында согуштук квалификацияга ээ болбогон,  машыгуу жана потенциалды жогорулатуу максатында НАТОнун Ирак миссиясын түзүүгө макулдашкан. НАТОнун Коргоо министрлери февраль айында Иракта миссиясын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.



Тектеш кабарлар