Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирус дүйнөнүн шаштысын кетирди.

1492091
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
macaristan covid SPR.jpg
Süper Covid.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 945 миң 170ке жетти. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 30 миллион 42 миң 350гө жакындап, ал эми айыгып кеткендердин саны 21 миллион 808 миң 415тен ашты.

Пандемияда көп жоготууга учураган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 201 миң 348, вируска кабылгандардын саны 6 миллион 828 миң 301 деп катталды. Президент Дональд Трамп Ковид-19га каршы вакцинанын октябрь айынын ортосунда өлкөнүн ичине таратууга даяр болорун жарыялады. Вице-президент Майк Пенс, АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек администрациясы (FDA) тарабынан бекитилгенден кийин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн Ковид-19 вакцинасын күмөн санабастан ала тургандыгын билдирди.

Бразилияда дагы 987 адамдын каза болушу менен өлкөдө вируска байланыштуу өлүмдүн саны 134 миң 106га жетти. Илдетти жуктуруп алгандардын саны болсо 36 миң 820га көбөйүп 4 миллион 419 миң 83тү түздү.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан 300 адам каза болуп жалпы 71 миң 978ге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 4 миң 444 жаңы учур менен бирге 680 миң 931ге жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам акыркы 24 саатта 20 адам каза болуп жалпы 41 миң 684тү түздү. Өлкөдө 3 миң 991 жаңы учур менен бирге жуктуруп алгандардын саны 378 миң 219га жетти. Премьер-министр Борис Жонсон пандемияга каршы күрөштө экинчи улуттук карантиндин өлкө үчүн каржылык жактан чоң зыян келтирерин айтты.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 саатта 46 адам каза болуп жалпы 31 миң 45ке, ооруга кабылгандардын саны болсо 9 миң 784кө көбөйүп 404 миң 888ге жетти. Бул арада билим берүү министри Жан-Мишель Бланкер, студенттерде Ковид-19 кездешкенден кийин жабылган мектептердин саны 81ге көбөйгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар