Газадан Израилге ракета атылды

Израиль массалык маалымат каражаттары да ракетанын бирөөсүнүн Ашдод шаарына түшкөндүгүн жана 2 кишинин жеңил жаралангандыгын билдирди.

1491633
Газадан Израилге ракета атылды

АКШда Израиль менен Бириккен Арап Эмираттары БАЭ менен Бахрейндин ортосунда карым  - катнаштарды калыбына келтирүү келишимдерине кол коюлган минуталарда блокада астындагы Газа тилкесинен Израиль тарабына ракета атылып 2 киши жараланды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Газадан Израиль тарабына 2 ракета атылып, алардын бирөөсүнүн «Темир Купол» абадан кооргоо системасы тарабынан жок кылынгандыгы белгиленди.

Израиль массалык маалымат каражаттары да ракетанын бирөөсүнүн Ашдод шаарына түшкөндүгүн жана 2 кишинин жеңил жаралангандыгын билдирди.

Израиль менен БАЭ жана Бахрейндин ортосунда  түзүлгөн «карым  - катнаштардын калыбына келтирилишине» карата келишимдерге кечээ Ак үйдө кол коюлду.

 



Тектеш кабарлар