Эки метеор жер шарына жакын жерден өттү

Астрономдор жер шарына жакын жерден бири автобустун, экинчиси автомобилдин көлөмүндөй эки метеордун өткөнүн билдиришти.

1491885
Эки метеор жер шарына жакын жерден өттү

Астрономдор жер шарына жакын жерден бири автобустун, экинчиси автомобилдин көлөмүндөй эки метеордун өткөнүн билдиришти.

Америка Кошмо Штаттарынын  Авиация жана Космос Агенттиги NASA тарабынан реактивдүү кыймыл лабораториясына караштуу Жер  шарына жакын асман объектилерин изилдөө борборунун билдирүүсүнө ылайык, "2020 RF3" жана "2020 RD4" деп аталган эки метеорит жердин жанынан 2 сааттык аралык менен өткөн.  

Автобустун көлөмүндөй метеориттердин биринчиси жерге 94 миң чакырым жакын, ал эми экинчисинин жерге 106 миң чакырым жакындан өткөн.

Жыл сайын марс менен юпитердин ортосундагы Негизги астероид мууну жана нептундун аркы өйүзүндөгү Куйпер муунунан ажыраган көп сандаган метеорит күн системасынын ички бөлүктөрүнө кирүүдө. Булардын бир бөлүгү жер орбитасына чейин кире алышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар