Жосеф Боррелл : "Түркия менен тирешип маселелердин чечилбей тургандыгы ачык"
Боррелл «Оруч Реис» кемесинин Анталия портуна барышын «туура багытта ташталган кадам» деп мүнөздөдү.
Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Боррелл Түркия менен тирешүүнүн Европа Биримдиги менен Түркия карым - катнаштарындагы маселелерди чечпей тургандыгын, маселелердин диалог жана сүйлөшүү менен чечилерин айтты.
Боррелл Европа Парламентинде Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Түркия ичинде болгон тышкы карым - катнаштар тууралуу Жалпы Кеңеш жыйынында депутаттар менен сүйлөштү.
Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуунун түшүрүлүшү үчүн жай айларында аракет кылгандыгын белгилеген Боррелл дагы көп аракет кылуу керектигин айтты.
Боррелл «Оруч Реис» кемесинин Анталия портуна барышын «туура багытта ташталган кадам» деп мүнөздөп : «Бул да бизге диалог үчүн дагы көп кадам таштай аларына карата үмүт берүүдө. Муну аскердик методдор менен эмес, диалог жана сүйлөшүү менен чечебиз»,- деди.
Боррелл : «Түркия менен тирешип маселелердин чечилбей тургандыгы ачык. Муну каалабайбыз. Түркия Европа Биримдигинин негизги коңшусу. Георгафияны өзгөртө албай турганыбызга караганда коңшу болууну улантабыз. Түркия ошол эле учурда миграция жана башка бир топ темада маанилүү өнөктөш. Мисалы миграциялык агымдарды Түркиянын жардамы болбостон чечүүнүн кыйын экендигин билебиз. Түркия ошол эле учурда Европа Биримдигине талапкер өлкө»,- деди.