Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Индияда вирустан каза болгондордун саны 81 миң 39га, бейтап саны да 4 миллион 948 992ге жетти.

1491249
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

 Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 933 930дан жогорулады. Бейтап саны 29 миллион 503 000ден, айыккандардын саны 21 миллион 329 000ден ашты.

Индияда вирустан каза болгондордун саны 81 миң 39га, бейтап саны да 4 миллион 948 992ге жетти. 5 айлык убакыттан кийин кечээ ачылган парламентте кеминде 25 депутатта Ковид  -19 аныкталды.

Россияда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 18 785ке, вирус жуккан киши саны 1 миллион 73 000ге жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 23 453кө жогорулады. Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Сима Садат Лари ошол эле убакыттын ичинде 2705 жаңы бейтаптын аныкталгандыгын ушуну менен жалпы бейтап саны 407 353кө чыкканын билдирди.

Иракта бир күндө 80 кишинин каза болушу менен вирустан каза болгондордун саны 8 166га. Вирус жугузгандардын саны298 702ге жогорулады.

Израилде 24 саатта 4 973 кишиде Ковид  - 19 аныкталып эпидемиядан бери ушул кезге чейинки күнүмдүк эң жогорку санга жеткендиги билдирилди.  Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ковид  - 19 диагнозу коюлган 5 кишинин дагы каза болгондугу маалымдалды. Ушундайча өлкөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 1141ге жеткендиги, бейтап санынын 162 13кө жогорулаганы билдирилди.

26 киши каза болгон, вирус жуккан киши саны 3 528ге жеткен Иорданияда өкмөт  жаңы бейтаптар менен күрөшүүнүн негизинде билим берүү жана мечиттерде намаз окууну токтотуу чечимин чыгарды. Чечим бейшемби күндөн тарта эки жумага созулат.

Африкада Ковид – 19 бейтабы эң көп болгон Түштүк Африка Республикасында эпидемиядан улам каза болгондордун саны 15 499га, вирус жугузган киши саны 650 749га жогорулады.

Бирок саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда жаңы изилдөөлөр өлкөдө калктын 20 пайызына тең келген 12 миллион кишинин вирус жуктуруп алышы мүмкүн экендигин ортого салды.



Тектеш кабарлар