Ирандан Израиль тууралуу билдирүү

Ирандын Улуттук Коопсуздук  Жогорку Кеңешинин баш катчысы Али Шемхани Израилдин “тынчтык долбоору” менен Нил дарыясынан Евфратка чейин үстөмдүк орнотууга умтулуп жаткандыгын айтты.

1490968

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарындагы жаңылыктарга караганда, Шемхани баш калаа Тегеранга барган Ирактын Мыйзамы Мамлекеттик Коалициясынын лидери жана мурдагы премьер-министр Нури ал - Малики менен аймактагы акыркы абалдарды карап чыгышты.  

Шемхани Бириккен Араб Эмирликтери БАЭ жана Бахрейндин Израил менен карым  - катнаштарды жөнгө салуу боюнча макулдашуусуна каршылык көрсөтүп : «АКШ сионист режимдин (Израиль) коопсуздугун түзүү жана арап өлкөлөрү аркылуу үстөмдүк куруу үчүн аймак өлкөлөрүн алсыратып жатат. Израиль тынчтык долбоору менен Нилден Евфратка чейин үстөмдүк куруу аракетинде бирок бул ишке ашпайт»,- деди.

Малики да  Ирандын террор менен күрөшүндө маанилүү роль ойногондугун айтты.

Тектеш кабарлар