Европа Биримдиги - Кытай лидерлер конференциясы

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүүгө каршы экендерин билдирди.

1490915
Европа Биримдиги  - Кытай лидерлер конференциясы

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүүгө каршы экендерин билдирди.

Синьхуада берилген кабарга караганда Си Цзиньпин Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен жана Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу Германиянын канцлери Ангела Меркелдин катышуусу менен өткөн видеоконференциядагы Европа  Биримдиги  - Кытай лидерлер жыйынында сөз сүйлөдү.  

Си өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүүгө, өлкөсүндө ыраатсыздык, келишпестик жана баш  - аламандык жарата турган кандайдыр бир күч же кишиге каршы экендерин баса белгиледи.

Кытайдын  Синьцзян - Уйгур автономиялуу аймагы жана Гонконг атайын административдик аймагына байланыштуу маселелерге токтолгон Си булардын улуттук суверендүүлүгүн коргоого байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Си өзгөчө Кытай менен Европа Биримдигинин танчтык ичинде жашоо, кызматташуу жана көп тараптуулукка караштуу болушу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар