Японияда жүз жаштан ашкан 80 миңден ашуун адам бар

Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги жүз жаштан ашкандардын көрсөткүчүн жаңылады.

1490970
Японияда жүз жаштан ашкан 80 миңден ашуун адам бар

Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны биринчи жолу 80 миңден ашты.

Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги калктын каттоосунун маалыматтарынын негизинде өлкөдөгү жүз жаштан ашкандардын көрсөткүчүн жаңылады.

Буга караганда, бир кылымдан өткөн адамдардын саны 9 миң 176га көбөйүп 80 миң 450гө жетти.

Көрсөткүчтөр 50 жылдан бери үзгүлтүксүз өсүп келе жаткан Японияда 88 пайыз менен бул катыштын көпчүлүгүн аялдар түзүүдө.

Жүз жаштан өткөндөр негизинен Шимане аймагында, андан кийин Кочи жана Тоттори шаарларында жашашат.

Японияда 2019-жылдын маалыматтары боюнча орточо жашоо узактыгы аялдарда 87,45 жаш, эркектерде 81,41 жаш.



Тектеш кабарлар