Дүйнө жүзүндө коронавирус менен күрөш уланып жатат...

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 928 миң 676дан ашты.

1490287
Дүйнө жүзүндө коронавирус менен күрөш уланып жатат...
macaristan covid SPR.jpg
radar covid.jpg
covid-19.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 928 миң 676дан ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 29 миллион 201 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 21 миллион 35 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19 эпидемиясынан каза болгондордун саны 198 миң 520га жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 6 миллион 708 миңге чейин көбөйгөн.

Бразилияда вируска байланыштуу өлүмдүн саны 131 миң 663кө, ал эми оорунун саны 4 миллион 330 миңге чейин көбөйгөн.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан каза болгондордун саны 217ге көбөйүп, 70 миң 821ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 4 миң 408ге көбөйүп, 668 миң 381ге жетти.

Францияда, эпидемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде дагы 6 адам каза болуп, адам өлүмү 30 миң 916 болду, жаңы жуктургандардын саны 7 миң 183 адамга көбөйүп, 381 миң 94кө жетти.

35 миң 610 адам каза болгон Италияда дагы бир миң 458 адамга Ковид-19 диагнозу коюлган. Эпидемия башталгандан бери вирус жуктуруп алгандардын саны 287 миң 753кө жетти. Бүгүн 20 административдик регионго бөлүнгөн өлкөнүн 13 административдик регионундагы 5,6 миллион окуучу сабак өтүшөт.

Австралияда коронавирустан эң көп өлүм жана жуктурган учур катталган Викторияда дагы 7 адам көз жумушу менен вирустун айынан каза болгондордун саны 817 адам болду. Өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 26 миң 651 адамга жетти.

Ковид-19дан улам Англияда 41 миң 628, Перуда 30 миң 710, Испанияда 29 миң 747, Колумбияда 22 миң 924, Чилиде 11 миң 949 жана Аргентинада 11 миң 352 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар