СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 924 миң 610дон ашты.

1489614
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
radar covid.jpg
super covid19 iran.jpg
super covid-19
süper covid

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 924 миң 610дон ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 28 миллион 946 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 20 миллион 813 миңден ашты.

Эпидемиянын айынан АКШда 198 миң 128 адам каза болуп, вирус жуккандардын саны 6 миллион 676 миңди түздү.

Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 814 адамдын өлүмү менен өлкөдө вируска байланыштуу каза болгондордун саны 131 миң 274кө, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 33 миң 523кө көбөйүп, 4 млн 315 миңге жетти.

Мексиканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө Ковид-19дан адамдардын өлүмү 421ге көбөйүп, каза болгондордун жалпы саны 70 миң 604кө жетти. Өлкөдө Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 5 миң 674кө көбөйүп, 663 миң 973кө жетти.

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам Улуу Британияда каза болгон адамдардын саны акыркы сутканын ичинде 9га көбөйүп, 41 миң 623кө жетти, ал эми 3 миң 497 жаңы учур катталып, жалпы жуктуруп алгандардын саны 365 миң 174кө жетти. 27-июндан 8-августка чейин өлкөдө күнүнө миңдин тегерегинде байкалган жаңы жуктургандардын орточо саны акыркы жумада күнүнө 3000 болду.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнөн улам 6 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 35 миң 603кө жетти. Бир миң 501 жаңы учур менен, Ковид-19 жуктуруп алгандардын саны 286 миң 297 түздү.

Францияда акыркы 24 саатта 17 адамдын өлүмү менен, Ковид-19дан каза болгондордун жалпы саны 30 миң 910го чейин көбөйдү, ал эми дагы 10 миң 561 адамга жукканы аныкталып, жалпы жуктуруп алган адамдардын саны 373 миң 911ге жетти.

Австралияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 810го жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 26 миң 648 болгон.

633 адам каза болгон Венгрияда вирусту жуктуруп алгандардын  саны 11 миң 825ке чейин көбөйгөн. Премьер-министр Виктор Орбандын айтымында, эгер ковид-19дун айынан өлкөдө каза болгондордун саны кыйла көбөйбөсө, анда мектептер кайрадан жабылбайт жана өлкө жаздагыдай токтобойт.



Тектеш кабарлар