Судан менен Йеменде балдардын шал оорусу чыкты

БУУнун балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ Йемен менен Суданда балдардын шал оорусунун жайылгандыгын жарыялады.

1489376
Судан менен Йеменде балдардын шал оорусу чыкты

Йемен менен Суданда балдардын шал оорусу жайылып баратат.

БУУнун балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ Йемен менен Суданда балдардын шал оорусунун жайылгандыгын жарыялады.

ДСУнун Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактык директору Ахмед  ел  - Манзури менен ЮНИСЕФ Жакынкы Чыгыш  жана Түндүк Африка директору Тед Чайбан эки өлкөдөгү балдардын шал оорусу тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Бул өлкөлөрдөгү балдардын шал оорусу менен ооруган бейтаптардын күчсүз иммунитеттин жыйынтыгы катары ортого чыкканы билдирилип, эпидемиянын вакцина жеткирилиши кыйын болгон аймактарда ооруга чалдыккан балдарды шал кылгандыгы маалымдалды.

Маалыматта Йеменде бейтаптардын көпчүлүгүнүн төмөн вакциналоо катнашы болгон Сада шаарынан чыккандыгы, балдардын шал оорусу менен күрөшүү программасынын негизинде жүргүзүлгөн иштердин эки жылдан узун убакыттан бери бул аймактагы балдарга жеткириле албагандыгы билдирилди.

Суданда да кагылышуулардан улам көп сандаган кишинин көчүүгө мажбур болушу менен вакциналардын балдарга жеткириле албагандыгы жана жыйынтык катары эпидемиянын башталышынын күтүлбөгөн нерсе эмес экендиги белгиленди. Ошондой эле Судан жана Йеменде шал оорусу менен ооруган балдардын саны тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар