Палестина Бахрейндеги элчисин чакырды

Палестина башкаруусу Бахрейн  -  Израиль калыбына келүү келишимине каршылык катары Манамадагы элчисин чакырды.

1489318
Палестина Бахрейндеги элчисин чакырды

Палестина башкаруусу Бахрейн  -  Израиль калыбына келүү келишимине каршылык катары Манамадагы элчисин чакырды.

Палестина тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта тышкы иштер министри Рияд ел   -  Маликинин Бахрейндин Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келтирүү келишимин түзүшүнө  каршы таштала турган кадамдарды сүйлөшүү максатында  Палестинанын Манама элчисин чакыргандыгы билдирилди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Арап Эмираттарынан кийин башка бир булуң өлкөсү Бахрейндин да Израиль менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүү тууралуу келишим түзгөндүгүн жарыялаган.

Палестина Боштондук Уюму Бахрейн менен Израилдин ортосунда түзүлгөн келишимди «Палестина доосуна урулган башка бир бычак соккусу»,- деп мүнөздөгөн.

Бахрейн Египет, Иордания жана БАЭден кийин Израиль менен калыбына келүү келишимин түзгөн төртүнчү арап өлкөсү болду.



Тектеш кабарлар