Кытай америкалык дипломаттарга чектөө киргизди

Кытай өлкөдө жана Гонконгдо иштеген америкалык дипломаттардын ишмердүүлүгүнө жаңы чектөөлөрдү киргизгендигин жарыялады.

1489381
Кытай америкалык дипломаттарга чектөө киргизди

Кытай өлкөдө жана Гонконгдо иштеген америкалык дипломаттардын ишмердүүлүгүнө жаңы чектөөлөрдү киргизгендигин жарыялады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жаңы эрежелердин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Пекиндеги элчилигинде жана бүткүл Кытай боюнча консулдуктарда иштеген жогорку дипломаттарга карата колдонула турганы белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле, Кытайдын АКШ менен "бардык тармактардагы кызматташууну жана нормалдуу алмашууну" колдогондугу, жаңы чектөөлөрдүн  АКШ нын өткөн жылы кытайлык дипломаттага каршы баштаган чараларын жойо турган болсо, жаңы чектөөлөрдүн жоюлушу  мүмкүн экени белгиленди.

Аты аталбаган маалымат катчысы,

"Биз дагы бир жолу АКШ тарапты каталарын тез арада оңдоп, Кытай элчилигине, консулдуктарына жана кызматкерлерине киргизилген чектөөлөрдү жоюга чакырабыз. Кытай АКШнын аракеттерине жооп кайтарат",- деди.  

 

 



Тектеш кабарлар