Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза тапкан адамдардын саны 920 миң 884...

Илдетке чалдыккандардын саны 28 миллион 726 миңден, ал эми айыккандардын саны 20 миллион 644 миңден ашты.

1489464
Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза тапкан адамдардын саны 920 миң 884...
super covid19 ispanya
radar covid.jpg
super covid19 hindistan.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 920 миң 884 болду. Илдетке чалдыккандардын саны 28 миллион 726 миңден, ал эми айыккандардын саны 20 миллион 644 миңден ашты.

Эң көп Ковид-19 менен ооруган жана вирустун кесепетинен каза болгондор катталган өлкө Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), адамдардын өлүмү 197 миң 481ге чейин көбөйгөн. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 6 миллион 640 миңге жетти.

Бразилияда вируска байланыштуу өлүмдүн саны 130 миң 474кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 283 миңге чейин жогорулады.

Мексикада Ковид-19дун кесепетинен каза болгон адамдардын саны 70 миң 183кө чейин жогорулады. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 658 миң 299 болгон.

Европада эпидемия эң көп адам өмүрүн алган Англияда каза болгондордун саны 41 миң 614 деп катталды. Өлкөдөгү 361 миң 677 адамга вирус жуккан.

Францияда акыркы 24 саатта 19 адамдын өлүмү менен, каза болгондордун жалпы саны 30 миң 813ке чейин көбөйдү, ал эми 9 миң 843 адамда вирус аныкталып, жалпы жуктуруп алгандардын саны 353 миң 944кө жетти. Өлкөдө тесттердин позитив көрсөткүчү 5,2 пайызды түздү. Премьер-министр Жан Кастекс пресс-конференцияда эпидемиянын ылдам жайылышы уланып жаткандыгын билдирди. Ковид-19 үчүн тесттердин позитив натыйжаларынын көрсөткүчү жогорулагандыгын белгилеп, Кастекс француздарды жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана чараларды так сактоого чакырды.

Испанияда акыркы бир жумада Ковид-19дан 241 адам каза болсо, адам өлүмү 29 миң 747ге чейин көбөйдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 саатта рекорддук өсүш менен 2 жарым айдын эң жогорку чеги болгон 12 миң 183 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 566 миң 326 адамга жеткенин жарыялады.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 3 адам каза болгонун жана 687 жаңы учур катталганын, бул апрель айынан берки эң жогорку көрсөткүч деп жарыялады. Өлкөдө каза болгондордун саны 1855, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 62 миң 813кө чейин көбөйгөн. Премьер-министр Антонио Коста, 15-сентябрдан баштап, өлкө боюнча 10дон ашуун адам менен чогулушка тыюу салынарын, соода борборлорунун жана дүкөндөрүнүн иштөө жана жабылуу убактысы, алкоголдук ичимдиктердин сатылышы, ресторандар менен ашканалардын толушу чектелээрин жарыялады.

Австралияда вирустан каза болгондордун саны 803кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 26 миң 606га чейин көбөйдү.



Тектеш кабарлар