Ковид - 19 Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 914 817ге жетти.

1489090
Ковид - 19 Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 914 817ге жетти. Бейтап саны 28 миллион 391 700дөн, айыккандардын саны 20 миллион 398 890дон  ашты.

Ковид  - 19дан каза болгон киши саны боюнча үчүнчү, бейтап саны боюнча экинчи орунда турган Индияда 1209 кишинин дагы каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 76 336га жогорулады. Өлкөдө 24 саатта 96 551 жаңы учур катталып, ушул кезге чейин Индияда жана дүйнөдө бир гана өлкөдө катталган эң жогорку сан болду.

Бир тараптан Ковид  - 19 бейтап саны 4 жарым миллиондон ашкан Индияда жүргүзүлгөн акыркы изилдөөдө өлкөдө  май айында 664 миллион Ковид  - 19 бейтабынын болгондугу болжолдолду. Индия медициналык изилдөө журналында 11 – май жана 4 -  июнь күндөрү жүргүзүлгөн жана 28 000 кишини камтыган кан анализи жарыяланды.

Изилдөөдө өлкөдөгү чоң кишилердин 0,73 пайызында Ковид  - 19га каршы чыгарылган иммуноглобулин G (IgG) антителонун табылгандыгы аныкталып, бул жыйынтыктардан улам май айынын баштарында 6  миллион 468 388 кишинин Ковид  - 19 ташыгандыгы болжолдогону белгиленди. Индиядагы расмий бейтап саны май айынын ортолорунда 100 000ден төмөн болуп катталган.

Эпидемиядан улам Иранда 22 913 киши каза болуп, бейтап саны да 397 801ге жогорулады.

Россияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 18 365, бейтап саны 1 миллион 51 000 болду.  

Вирустан 4 634 киши каза болгон Кытайда Ковид  - 19га каршы мурунга чачыратуучу вакцинанын  адамдарда сыналышы бекитилди.

Африка континентинде эпидемиядан каза болгондордун саны 32 178 болду. Континентте вирус жуккан киши саны ошол эле убакытта 8 144кө көбөйүп 1 миллион 336 407ге чыкты. Түштүк Африка республикасында акыркы бир күндө 97 киши каза болуп, каза болгондордун саны 15 265ке жетти. Ошол эле убакытта 2007 кишиде коронавирус аныкталды жана бейтап саны 644 438ге жогорулады.

Египетте 5 590 киши, Алжирде 1591 киши каза болду.

Сауд Арабияда Ковид  - 19дан улам 24 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгон киши саны 4 189 болуп катталды. Өлкөдө бейтап саны 323 720га жогорулады.



Тектеш кабарлар