СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 908 миң 980 адамды түздү.

1488439
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super new york covid19
radar covid.jpg
super covid19 hindistan.jpg
süper covid

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 908 миң 980 адамды түздү. Жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 83 миң 85тен, ал эми айыккандардын саны 20 миллион 151 миң 710 адамдан ашты.

Ковид-19 менен ооруган жана вирус менен байланышкан өлүмдөрдүн саны эң көп болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) акыркы суткада 1 миң 184 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 195 миң 259га жетти. Өлкөдө ушул эле мезгилде 35 миң 446 адамда вирус аныкталып, жуктурган учурлардын саны 6 миллион 550 миң 984кө көбөйдү. Эпидемияга маани бербей койду деген айыптоолорго байланыштуу президент Дональд Трамп: «Биз элди дүрбөлөңгө салган жокпуз. Биз эл катары ишенимибизди жана күч-кубатыбызды көрсөткүбүз келет. Мен ушуну жасадым»,-деди.

Бразилияда акыркы 24 саатта 1 миң 75 кишинин өлүмү менен, вируска байланыштуу каза болгондордун саны 128 миң 653кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 35 миң 816га көбөйүп, 4 млн 199 миң 332ге жетти.

Акыркы күнү Ковид-19дан каза болгондордун саны 611ге көбөйүп, 69 миң 95ке жеткен Мексикада, илдетке чалдыккандардын саны 4 миң 647ге көбөйүп, 647 миң 507ге жетти.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнөн улам 14 адам каза болуп, каза болгондордун жалпы саны  35 миң 577ге жетти. Жаңы 434 учур менен, Ковид-19 жуккандардын саны 281 миң 583 түздү. Ошол эле учурда, премьер-министр Жузеппе Конте мектептерди ачуу үчүн көп күч-аракет жумшап жаткандыгын билдирди, «Ушул аракеттердин аркасында окуу жылы башталат. Мектептер 14-сентябрда үзгүлтүксүз ачылат»,- деди. Премьер-министр Конте ошондой эле мектептердин ачылышы үчүн 7 миллиард евро бөлгөндөрүн билдирди.

Францияда акыркы 24 саатта 30 адамдын өлүмү менен, вирустан каза тапкандардын саны 30 миң 794кө чейин көбөйдү, ал эми 8 миң 577 адамга дагы жугуп, жалпы жуктуруп алгандардын саны 344 миң 101ге жетти. Өлкөдө тесттердин позитив чыгуу көрсөткүчү 5,2 пайызды түздү.

Австралияда Ковид-19 эффективдүү болгон Викторияда акыркы сутка ичинде дагы 7 адам каза болуп, штатта адамдардын өлүмү 701ге, өлкө боюнча каза болгондордун саны 788ге жетти.

 



Тектеш кабарлар