Израиль - Бириккен Арап Эмираттары келишимине кол коюу аземи 15 - сентябрда өткөрүлөт

Израиль менен Бириккен Арап Эмираттарынын ортосунда «карым  - катнаштардын толугу менен калыбына келишине» байланыштуу келишимдин расмий кол коюу аземи 15 -  сентябрда АКШда өткөрүлөт.

1487513

Массалык маалымат каражаттарына маалымат берген жана аттарынын билдирилишин каалабаган жогорку мартабалуу Ак үй жетекчилери өткөргөн видеоконференцияда Израиль  -  Бириккен Арап Эмираттары келишимине байланыштуу маалымат беришти.

Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишим үчүн расмий кол коюу аземинин 15 -  сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын жетекчилигинде Ак үйдө өткөрүлөрүн белгилеген жетекчилер Бириккен Арап Эмираттары жана Израиль делегацияларынын башында Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен Бириккен Арап Эмираттарынын мураскер принци Мухаммед бин Зайиддин иниси Бириккен Арап Эмираттарынын тышкы иштер министри Абдуллах бин Зайид Ал Нахянын болушунун күтүлгөндүгүн белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп 13 -  августта Израиль менен Бириккен Арап Эмираттарынын «карым – катнаштарын толугу менен калыбына келтирүү» үчүн келишим түзүшкөндөрүн жарыялаган.

Бириккен Арап Эмираттары 1979 -  жылы Египеттин жана 1994 -  жылы Иорданиядан кийин Израиль менен калыбына келүү келишимин түзгөн үчүнчү арап өлкөсү болду.

Тектеш кабарлар