Чыгыш өлкөлөрүн каптаган коронавирус

Индияда коронавирустан  каза болгондордун саны 73 953 кө жогорулады. Өлкөдөгү бейтап саны да 4 миллион 382 518 болду.

1487869
Чыгыш өлкөлөрүн каптаган коронавирус

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 902  807ге жетти. Бейтап саны 27 миллион 787 000ден, айыккандардын саны 19 миллион 881 000ден ашты.

Индияда коронавирустан  каза болгондордун саны 73 953 кө жогорулады. Өлкөдөгү бейтап саны да 4 миллион 382 518 болду.

Россияда каронавирустан 18 135  киши каза болуп, аныкталган бейтап саны 1 миллион 41 000ге жетти.

Иранда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 127ге өсүп 22  669га жогорулады. Өлкөдө 2 313  жаңы бейтап аныкталды жана ушундайча бейтап саны да 393 425ке чыкты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында акыркы мезгилдерде бейтап саны көбөйүп,  коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде кошумча чаралар көрүлдү. Көңүл ачуу жерлери, клубдар, дискотекалар менен кумар ойноочу жерлер 1 -  октябрга чейин жабылды. Мектепке чейинки жана 1 – 2 -  класстар керектүү чаралар менен билим алып жатса анын тышындагы классттарда 1 -  октябрга чейин билим берүү башталбайт.

11 -  октябрда боло өтө турган президенттик шайлоо митингдери да 1 -  октябрга чейин токтотулду.

Израилде  24 саатта 5 киши Ковид  - 19дан каза болду жана жалпы каза болгондордун саны 48ге жетти. Өлкөдө ушундайча бейтап саны 139 13кө жогорулады.

Түштүк Африкада 15 миң 86, ракта 7 657, Пакистанда 6 359, Бангладеште 4 593 киши каза болду.

207 киши каза болгон, 21 324 бейтап болгон Ливанда тышкы иштер министри Шербил Вехбенин коронавирус жуктуруп алгандыгы билдирилди. Вехбе үйүндө карантинге алынды жана тест жыйынтыгын тактоо үчүн кайрадан тест кылдырары белгиленди.



Тектеш кабарлар