COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1487160
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
8 dakikada koronavirüs teşhisi koyan kit (4).jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 897 миң 638ге жетти. Илдетке чалдыккандардын саны 27 миллион 524 миң, ал эми айыккандардын саны 19 миллион 625 миңди түздү.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жапа чеккен АКШда 193 миң 595 өлүм катталып, вирусту жуктургандардын саны 6 миллион 487 миңден ашты.

Бразилияда вирустун айынан каза болгондордун саны 127 миң 1ге, ооруга кабылгандардын саны болсо 4 миллион 147 миңге жогорулады.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан каза болгондордун саны 223кө көбөйүп жалпы 67 миң 781, жуктуруп алгандардын саны 3 миң 486га көбөйүп 637 миң 509 болду.

41 миң 554 өлүм менен пандемиянын Европадагы чордону Англияда илдетке чалдыккандардын саны 350 миң 100гө жетти.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнөн 12 адам каза болуп, вирустан көз жумгандардын жалпы саны 35 миң 553 деп катталды. Бир миң 108 жаңы учур менен бирге Ковид-19га кабылгандардын саны 278 миң 784 адамды түздү. Өлкөнүн түндүгүндөгү Альто-Адиге автономиялык аймагында болсо жаңы окуу жылы башталды. Болжол менен 92 миң окуучу 6 айдан кийин көрүлгөн чаралардын негизинде мектепке барышты.

Испанияда акыркы жумада Ковид-19дан 237 адам көз жумуп, илдеттен каза тапкандардын саны 29 миң 516га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 3 күндө 26 миң 560 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 525 миң 549га жогорулаганын билдирди.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 3 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дун 249 жаңы учуру катталганын кабарлады. Өлкөдө вирустан көз жумгандардын саны 843 миңге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 60 миң 507ге жетти.  

9 миң 146 адам каза болгон Канадада чек ара коопсуздугу боюнча топтор Ковид-19 пандемиясы башталгандан кийин Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) өлкөгө кирүүнү каалаган 18000ден ашуун кишини артка кайтарганы билдирилди.

Австралияда Ковид-19дан улам адамдардын өлүмү 770ке, жуктуруп алгандардын саны 26 миң 387ге жетти.

Пандемиянын айынан Жаңы Зеландияда 22 адам каза болуп, 1782 адам вирусту жуктурду.



Тектеш кабарлар