СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 893 миң 712 адамды түздү.

1486480
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Süper Covid.jpg
Süper Korona
KORONA SÜPER

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 893 миң 712 адамды түздү. Жуктуруп алгандардын саны 27 миллион 334 миңден, ал эми айыгып чыккандардын саны 19 миллион 410 миңден ашты.

Ковид-19 эпидемиясынан эң көп таасир алган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 193 миң 260дан ашык адам каза болуп, коронавируска чалдыккандардын саны 6 миллион 462 миң 300дөн ашты.

Бразилияда акыркы 24 саатта 447 адамдын өлүмү менен, вирустун айынан каза болгондордун саны 126 миң 686га, ал эми жуктуруп алгандардын саны 14 миң 521ге көбөйүп, 4 млн 137 миң 521ге жетти.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан каза болгондордун саны 232ге көбөйүп, 67 миң 558ге, жуктуруп алгандардын саны 4 миң 614кө көбөйүп, 634 миң 23кө жетти.

41 миң 551 жоготуу менен эпидемиянын Европадагы чордону Англияда, аны жуктуруп алгандардын саны 347 миң 152 адамга жетти.

Эпидемиянын айынан каза болгон адамдардын саны Италияда 35 миң 541, Перуда 29 миң 838, Колумбияда 21 миң 412 жана Чилиде 11 миң 592 болду.

Австралияда Ковид-19дан каза тапкан адамдардын саны 762ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 26 миң 319га жетти.



Тектеш кабарлар