Корона вирус : Чыгыш өлкөлөрү

Иранда вирустан 22 410 киши каза болгон болсо бейтап саны да 388 810го жогорулады.

1486434
Корона вирус : Чыгыш өлкөлөрү

Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 893 465ке жетти. Бейтап саны 26 миллион 313 580ден ашты.  Айыккандардын саны 19 миллион 384 30дан  жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 71 711ге жогорулады. Бейтап саны 4  миллион 208 645 болду.  Делиде күнүмдүк 2,7 миллион жүргүнчү ташыган метро  бейтап санынын өскөнүнө карабастан 169 күндөн кийин кайрадан ачылды. 

Россияда  каза болгондордун саны 17 871ге жетип, акыркы бир күндө 5 185 кишиде вирус аныкталып Ковид  -  19 жугузган бейтап саны 1  миллион 30 690го жетти. 

Иранда вирустан 22 410 киши каза болгон болсо бейтап саны да 388 810го жогорулады. 

Израиль блокадасы астындагы Газа тилкесинде Ковид  - 19дан 8 киши каза болуп, бейтап саны 151ге жетти.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны  31 357ге жетти.  Жалпы материкте вирус жуккан киши саны  1 миллион 305 252ге жогорулады. Коронавирустан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада  14 889 киши каза болгон болсо, Египетте 5 530 киши, Алжирде 1556 киши каза болду. Маврикийде бейтаптардын калбагандыгы, Сейшеллдер менен Эритреяда ушул кезге чейин өлүм - житим отчету келген жок. Бейтап саны  638 517 болгон Түштүк Африкадан кийин 99 863 бейтап саны менен Египет жана 72 394 бейтап менен Марокко келди. 

 



Тектеш кабарлар