Иранда улгайган кишилер жетерсиз тамактанууда

Ирандын борбор шаары Тегеранда улгайган адамдардын 62 пайызынын жетеринче тамактана албагандыгы билдирилди.

1485945
Иранда улгайган кишилер жетерсиз  тамактанууда

Ирандын борбор шаары Тегеранда улгайган адамдардын 62 пайызынын жетеринче тамактана албагандыгы билдирилди.

Иран Студенттер Маалымат Агенттиги  билдиргендей, Тегеран социалдык камсыздоо жана калыбына келтирүү илимдери университетинин окутуучулары Мина Икари жана Сейид Хусейин Мухаккик Кемал тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө борбор шаар Тегерандагы улгайган адамдардын 62 пайызы тамактанбай жаткандыгы аныкталды.

Борбор шаар Тегерандын 22 аймагында 60 жаштан жогорку курактагы 344 киши менен жүргүзүлгөн сурамжылоодо, шаардагы улгайган кишилердин 24 пайызы төмөнкү деңээлде, 23 пайызы орточо, 15 пайызы өтө начар тамактанууда.

Изилдөөнүн жыйынтыгында сурамжыланган улгайган кишилердин 38 пайызы гана жетиштүү тамактанганы аныкталды.

Улгайган эркектердин аялдарга караганда начар тамактанганы,  мунун  ден-соолук жана социалдык класстын айырмачылыгы сыяктуу факторлорго жараша ар кандай экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар