Ливияда Хафтер согушкерлери ок атышпоону бузду
Ливия армиясынын булактарынан алынган маалыматка караганда, Хафтер куралдуу топтору 10 Град ракетасы менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.30да (23.30) армия бөлүктөрүнө таандык пункттарга карай кол салды.
Ливия армиясы, өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифа Хафтер согушкерлери өлкөдөгү ок атышпоо режимин дагы бир жолу бузуп, армиянын аскерлерине 10 Град (BM-21) ракеталары менен кол салгандыгын жарыялады.
Ливия армиясынын булактарынан алынган маалыматка караганда, Хафтер куралдуу топтору 10 Град ракетасы менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.30да (23.30) армия бөлүктөрүнө таандык пункттарга карай кол салды.
Хафтер согушкерлеринин 21-августта жарыяланган ок атышпоо режимин дагы бир жолу бузган кол салуусунда куралдуу топторунун эч кандай жоготууга учурабаганы жана шаймандардын зыян тартпаганы кабарланды.
Ливия өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Сарраж жана өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифа Хафтердин саясий өнөктөшү, Тобрук Өкүлдөр палатасынын төрагасы Акиле Салих 21-августта ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгын жарыялады.
Ок атышпоо режимине карабастан Хафтер күчтөрү ок атышпоо режимин биринчи жолу 27-августта 12 ракета атып жана 2-сентябрда 6 жолу ракеталык кол салуу менен бузушту.
Армия булактары бул кол салууларда ушул убакка чейин жоготуулар болбогонун билдиришти.