COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнөнүн шаштысын кетирген коронавирус

1485540
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
SPR corona.jpg
SPR brasil corona.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумгандардын саны 883 миң 934 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 27 миллион 79 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 19 миллион 197 миңден ашты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дан каза болгондордун саны 192 миң 820 деп катталды. Өлкөдө вируска кабылгандардын саны болсо 6 миллион 431 миңге жетти.

Бразилияда Ковид-19дан дагы 907 адам каза болуп жалпы 126 миң 230га жогорулады. Өлкөдө 51 миң 194 жаңы учур менен бирге ооруга чалдыккандардын саны 4 миллион 123 миңди түздү.

Мексикада Ковид-19дан дагы 475 адам каза болуп илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 67 миң 326га жогорулады. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 6 миң 319га көбөйүп 629 миң 409 болду.

41 миң 549 өлүм менен пандемиянын Европадагы чордону Англияда ооруну жуктуруп алгандардын саны 344 миң 164кө жетти.

Италияда Ковид-19дан улам жалпы 35 миң 534 адам каза болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны болсо 276 миң 338ге жогорулады.

Пандемиянын айынан 30 миң 724 адам каза болгон Францияда, вируска кабылгандардын саны 317 миң 706 болду.

Испанияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болгон адамдардын саны 29 миң 418 деп катталды. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны болсо 517 миң 133кө жетти.

Ковид-19дун айынан 9 миң 401 адам каза болгон Германияда, жуктуруп алгандардын саны 251 миң 56ны түздү.

Ковид-19дун себебинен Перуда 29 миң 687, Колумбияда 21 миң 156 жана Чилиде 11 миң 551 адам каза болду.



Тектеш кабарлар