Чыгыш өлкөлөрүн убайга салган коронавирус...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 884 миң 620дан ашты.

1485738
Чыгыш өлкөлөрүн убайга салган коронавирус...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 884 миң 620дан ашты. Жуктуруп алгандардын саны 27 миллион 116 миңден, ал эми калыбына келгендердин саны 19 миллион 239 миңден ашты.

Индияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 70 миң 802ге жетти. Өлкөдө оорулардын саны дагы көбөйүп, 4 миллион 131 миңге жетти.

Иранда эпидемиядан улам каза болгондордун саны акыркы суткада 139га көбөйүп, 22 миң 293кө жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1992 адамга көбөйүп, 386 миң  658 адамды түздү.

Россияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болгондордун саны 17 миң  820га, ал эми аныкталган вирустардын саны 1 миллион 25 миңге чейин көбөйгөн.

Коронавирус эпидемиясынын жаңы түрү боюнча акыркы сутка ичинде Кытайда 10, Түштүк Кореяда 167 учур катталды.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ковид-19 диагнозу коюлган дагы 14 бейтаптын көз жумгандыгын, каза болгон адамдардын саны 7 миңге чейин көбөйгөнүн жана 2 миң 517 кишиден Ковид-19 табылганы менен оорулардын саны 128 миң 936га чейин көбөйгөнүн белгиледи. Акыркы 24 саат ичинде Газада 162 жаңы Ковид-19 учуру аныкталгандан кийин, ооруну жуктуруп алгандардын саны 969га жетти. Жаңы окуу жылы блокадага алынган Газа тилкесинде жуктурган учурлардын санынын көбөйүшүнөн улам башталбай жатканда, оккупацияланган Батыш Шериада Ковид-19 иш-чараларынын алкагында бетме-бет окутуу акырындык менен башталды.

Эпидемиянын айынан Мароккодо каза болгон адамдардын саны 1 миң 329, ал эми оорулардын саны 70 миң 160ка чейин көбөйгөн.

Иорданияда вирустун айынан 16 адам каза болду. Өлкөдө оорулардын саны 2 миң 353кө көбөйгөн.

Тунисте Ковид-19дан каза болгондордун саны 93кө, оорулардын саны 4 миң 776га чейин көбөйдү.

Эпидемиянын кесепетинен 196 адам каза болгон Бахрейнде оорунун саны 54 миң 771 түздү.

Африка континентинде эпидемиядан улам каза болгондордун саны 31 миң 131ге, жуккан адамдардын саны 1 миллион 297 миңге жетти. Бүгүнкү күнгө чейин, Ковид-19дан эң көп жоготуулар 14 миң 799 өлүм менен Түштүк Африкада, 5 миң 511 өлүм менен Египетте жана 1 миң 539 өлүм менен Алжирде болгон.



Тектеш кабарлар