Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Корона жайылууну улантууда.

1485194
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

 

Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 879 000ге жетти. Бейтап саны 26 миллион 795 850 болуп,   айыккандардын саны 18 миллион 907 700дөн жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 69 635ке жогорулады. Бейтап саны 4  миллион 23 179га  чыкты.

Палестинада Ковид  - 19дан 192 киши каза болуп, бейтап саны 32 817ге жетти. Өзгөчө кырдаал мөөнөтүн дагы 30 күн узартуу чечими чыгарылды. Аймактагы өзгөчө кырдаал басып алынган Батыш Шерианын Бейтуллахим шаарында 3 -  мартта биринчи Ковид  - 19 бейтабы чыккандан кийин жарыяланган.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 24 саатта 239 кишиге көбөйүп, 30 905ке жетти.  Жалпы материкте вирус жуккан киши саны 8 669га көбөйүп, 1 миллион 289 817 болду.

Африка материгинде Ковид  - 19 вирусу эң көп болгон Түштүк Африка республикасында акыркы 24 саатта 115 киши каза болду. Вирустан каза болгон жалпы киши саны 14 678ге жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта 2 миң 63 кишиде вирус аныкталып бейтап саны 635 78ге жетти. Египетте Ковид  - 19дан 5 495, Алжирде 1539 киши каза болду.

Эпидемияда акыркы 24 саатта Кытайда 10, Түштүк Кореяда болсо 168 жаңы учур катталды.

 



Тектеш кабарлар