ДССУ вакцина жөнүндө билдирүү жасады

Тедрос Аданом Гебреисус вакциналар боюнча маалымат берди.

1485124
ДССУ вакцина жөнүндө билдирүү жасады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина үчүн үмүттөндүргөн көптөгөн талапкерлер бар экендигин, алар "натыйжалуу" жана "коопсуз" экендиги байкалганда гана колдонула тургандыгын билдирди.

Гебреисус Швейцариянын Женева шаарындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун борборунда видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн маалымат жыйында, "вакцинага каршылык кыймылы" менен адамдардын башын айландырбоо керектигин айтты.

Вакцина иштеринин негизинде балдардын өлүмү азайганын айткан Гебреисус, өзгөчө чечек сыяктуу оорулардын вакциналар менен жок кылынгандыгын эске салды.

Конго Демократиялык Республикасында Эбола эпидемиясынын да эмдөө иштери менен токтотулганын түшүндүргөн Гебреисус: «Бизде Covid-19 вакцинасын изилдөөдө көптөгөн келечектүү вакцина талапкерлери бар. Алар эффективдүү жана коопсуз экендиги аныкталганда гана колдонулат, ошону менен мен дүйнөнү ишендиргим келет»,- деди.

Ошондой эле өлкөлөрдү "вакцина улутчулдугунан" сактанууну эскерткен Гебреисус: «Вакциналарды глобалдык коомдук менчик катары колдонуу ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына кызмат кылат. Вакцина улутчулдугу пандемияны кыскартпайт, тескерисинче аны созот»,- деп айтты.

Гебресиес өз сөзүндө: «Кайталап айтам, улуттук биримдик жана глобалдык тилектештик менен биз бул пандемияны токтото алабыз жана бүтүрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар