COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шаштысын кетирди.

1484066
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid -19.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 867 миң 828 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 26 миллион 202 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 18 миллион 463 миңден ашты.

Вирустан 189 миң 972 адам каза болуп, 6 миллион 290 миңден ашык жуктурган учур катталган АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган миңдеген адамдар Ковид-19дун айынан шаардан чыгып кетишкендери, Нью-Жерси менен бирге коңшулаш шаарларда жана штаттарда үйлөрдүн баасы тездик менен өсүп, ижарага үй табуу кыйын болуп жатканы айтылды.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө Бразилияда илдеттен каза болгондордун саны 123 миң 899га, жуктуруп алгандардын саны болсо 4 миллиондон ашты.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан дагы 575 адам каза болуп жалпы 65 миң 816га, илдетти жуктуруп алгандардын саны болсо 4 миң 921ге көбөйүп 610 миң 957ге жогорулады.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнөн улам 6 адам көз жумду. Ушундайча илдеттен каза тапкандардын саны жалпы 35 миң 497ге жетти. Өлкөдө 326 жаңы учур менен бирге Ковид-19га чалдыккандардын саны болсо 271 миң 515 адамды түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын арасында өлкөнүн мурдагы премьер-министрлеринин бири Сильвио Берлусконинин дагы бар экендиги маалымдалды.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 26 адам каза болуп жалпы 30 миң 686га, ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 7 миң 17 жаңы учур менен бирге 293 миң 24кө жетти. Франциянын Илимий комитети, өлкөдө пандемиянын экинчи толкунунун күзүндө же кышында болушу мүмкүн экендиги тынчсыздандыруу жаратканын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар